Инфраструктураны модернизациялоо жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 1956-жылы курулган суу каналын капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Аталган ирригациялык курулма 68 жыл бою жеткиликтүү деңгээлде каралбай келген.
Райондор аралык болгон бул канал эки райондун ирригациялык системасында негизги роль ойнойт. Ал Ак-Суу районунда 9 миң гектардан ашык, Түп районунда 5 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылат.
Оңдоо иштерине инфраструктуранын эскирген элементтерин алмаштыруу, жээк тилкелерин бекемдөө жана каналдын бүтүндүгүн калыбына келтирүү камтылган. Бул иш-чаралар каналдын өндүрүмдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатууга багытталган, суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга жана аймактагы айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылат.
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
https://water.gov.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=3605:ak-suuda-68-zhyldan-beri-karalbaj-kelgen-iri-kanal-ishke-berildi&Itemid=1356&lang=ky#sigProIdbf9bc044c6
https://www.turmush.kg/news:594345/?from=turmush&place=translate