Жумгалдагы каналдар 3 млн сомдон ашык каражатка оңдолду
Пятница, 19 Апрель 2024 06:14

Жумгалдагы каналдар 3 млн сомдон ашык каражатка оңдолду

Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын балансындагы Күчүк жана Кайырма каналдары оңдоодон өттү.

Башкармалыктын жетекчиси Жолдошбек Ишенбек уулунун айтымында, Чаек айылындагы Күчүк каналынын 160 метр жерине 105 даана «Г-120» блоктору коюлса, 2 чакырымы механикалык тазалоодон өткөн. Ага жалпы 1 млн 600 миң сом жумшалган. Таш-Дөбө айылындагы узундугу 15 чакырым, сыйымдуулугу 1,5 миң кубду түзгөн Кайырма каналына 110 даана «П-4» плиталары, 25 даана «Г-150» блоктору орнотулган. Анын жалпы наркы 1 млн 450 миң сомду түзүп, каражат республикалык бюджеттен каржыланган.

Кайырма каналынан Таш-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн миңдеген гектар жерлери сугарылат.

https://www.turmush.kg/news:591343/?from=turmush&place=translate

 

Read 19 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…