Чүй облусунун Москва районунда 42,2 гектар эгин талааларынын 25 пайыздан ашууну көлмөлөр аркылуу сугат суу менен камсыздалат.
Административдик-аймактык реформадан кийин 12 айыл аймагы 5 айыл аймагы болуп түзүлгөн. Айыл аймактардагы 42 444 гектар аянтта дыйкандар беде, арпа, буудай, жүгөрү, кызылча, сабиз, пияз, помидор жана башка жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Ал жерлердин 25 пайыздан ашуун аянты 24 көлмө аркылуу сугат суу менен камсыздалат.
Райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Данияр Сатиевдин айтымында, 24 суу көлмөнүн 18и айыл өкмөттөрдүн, алтоо райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында.
«Учурда Төрт-Гүл айыл аймагынын 1200 гектар аянтын сугат суу менен камсыздоочу Малтабар (көлөмү 2 млн 200 метр куб) жана Төлөк айыл аймагынын 2031 гектар аянтын сугат суу менен камсыздоочу Макачи (көлөмү 950 метр куб) суу көлмөлөрүндө механикалык тазалоо жумуштары аяктоодо. Ошону менен бирге коопсуздукту сактоо максатында райондогу бардык 24 суу көлмөсүнүн жээктеринде мал кайтарууга, балдардын ойноосуна да тыюу салынды. Ал жерлерге эскертүү такталары коюлуп баштады», - деди ал.
Малтабар жана Макачи көлмөлөрүндөгү иштер үчүн 2023-2024-жылдарга 8 млн 699 миң сом каралган.
https://www.turmush.kg/news:590511/?from=turmush&place=translate
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
- Click to open image! Click to open image!
https://water.gov.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=3554:moskva-rajonundagy-egin-talaalaryn-suu-menen-kamsyzdagan-k-lm-l-r&Itemid=1356&lang=ky#sigProIddc8423182b