Алардын айтымында, таштандылар каналдын жээгине гана эмес, суу аккан арыкка чейин толуп жатат.
«Өзгөн каналына Бакмал айылынын тургандарын тарабынан таштанды төгүлүп, суу аккан жерге чейин жеткен. Каналдагы сууну Өзгөн шаары жана Баш-Дөбө айылынын тургандары ички чарбалык иштерине сугат суу катары колдонушат», - деди жашоочулар.
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөн Батаевдин айтымында, бул аймакта таштанды талаасы жок. Ошондуктан айылдардан чыккан таштанды Өзгөн шаарындагы таштанды талаага төгүлүп турат.
«Өзгөн тазалык» ишканасы менен келишимибиз бар. Ар ишемби күнү айылдарды кыдырып, таштандыларды топтоп, Өзгөн шаарынын таштанды таштоочу жайына таштап жатабыз. Адамдар ар кандай убакта келип, төгүп кетип калышат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, каналдын жээгиндеги таштандыларды тазалайбыз. Өзүбүздө таштанды талаасы жок. Биздин аймак эки дарыянын ортосунда болгондуктан дарыялардан белгиленген километрге чейин алыс аралыкта болуш керек деген талаптарына жооп бербей калат экен. Андыктан ага ылайыктуу жер жок болуп жатат. Өзгөн каналындагы сууну Жаңы-Абад, Өзгөрүш тараптар сугатка пайдаланышат», - деди Дүйшөн Батаев.