Маалым болгондой, ага эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, суу чарба башкармалыгынын, айыл өкмөтүнүн башчылары, тийешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, негизги маселелердин бири болгон сугат суу, жаз алды менен арыктарды тазалоо, аймактарда курулуш иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленди. Макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле, эки тараптуу делегация чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты. Түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук-саясий абал тынч.
- Click to open image! Click to open image!

https://water.gov.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=3507:batkendegi-chek-arada-kyrgyz-tazhik-delegatsiyalary-zholugushtu&Itemid=1356&lang=ky#sigProIdbb1a3cccd6