Вегетация
 

Вегетация (5)

Мамлекеттик ирригация тармактарын 2021-жылдын сугат мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн, 2020-жылдын сугат мезгили бүтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 29-сентябрында № 164-буйругу кабыл алынып, анда аткарылуучу иштердин приоритеттик багыттары көрсөтүлгөн (аткарыла турган иштин түрлөрү, көлөмү, баасы жана аткаруу убактысы). Бул боюнча иш чаралар иштелип чыгып областтык мамлекеттик администрациялар менен макулдашылган.

Башкы суу алуучу cуу тосмолорду, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, суу сарыктырма тармактарын (КДС) жана башка суу курулуштарынын техникалык абалын өз убагында изилдеп чыгып ар бир курулуш боюнча аткарыла турган иштердин көлөмдөрү аныкталды, анын негизинде долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып аларды аткаруу боюнча календардык графиктери такталды.

Республика боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2021-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча 2021-жылдын 29-мартына карата төмөнкү иштери аткарылды:

- 186,5 км каналдар оңдолуп, план боюнча 384,0 км, же 49 %;

- 115,2 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 263,9 км же 44 %;

- 377 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 910 же 41%;

- 356 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 797 же 45 %;

- 40 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 82, же 49%;

- 11 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15, же 73%;

Суу чарба объектилерин 2021-жылдын вегетация мезгилине даярдоо план-графикке ылайык:

- Орто-Токой, Папан, Киров жана Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычтары 2021-жылдын 10-апрелине карата;

- Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2021-жылдын 10-апрелине карата;

- Чүй жана Талас облустары боюнча 2021-жылдын 20-апрелине карата;

- Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча БСЧБнын башкармалыгы 2021-жылдын 1-майына карата бүткөрүлөт.

Баардыгы болуп суу чарба курулуштарын сугат мезгилине өз убагында даярдоодо 68 даана ар түрдүү экскаваторлор, 29 даана бульдозер, 26 даана тракторлор, 13 даана автокран, 48 даана автомашина, 40 даана фронталдык жүктөгүчтөр жана 1511 адам ишке тартылып, калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда.

Суу чарба жана мелиорация департаменти тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирет: 2018-жылдын 1-майына карата 190,0 млн.сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 190,0 млн. сом, же 100 % түздү;  

  • 412,8 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 100 %; 
  • 369,9 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 100 %; 
  • 1161 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 100%;
  • 1101 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 100%;  
  • 102 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 100 %; 
  • 39 даана скважиналар оӊдолгон, план боюнча 39 даана, же 100 %

Ирригациялык суу сактагычтар долбоордук жана техникалык чегинде сугат сууну чогултууда.

5786,7 км каналдан суу берүүгѳ 5786,7 км даяр, же 100%, 1109,2 км каналдарда суу берилип жатат.

Суу чарба жана мелиорация департаменти мамлекеттик суу чарба объектилеринин сугат мезгилине сугат суусун берүүгө толук даяр экендигин билдирет. Сугат тармактарында азыркы убакытта дарыялардагы суулардын чыгымынын жана суу пайдалануучулардын өтүнмөлөрдүн негизинде сугат суусу берилип жаткандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…