Вегетация

Вегетация (5)

Мамлекеттик ирригация тармактарын 2021-жылдын сугат мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн, 2020-жылдын сугат мезгили бүтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 29-сентябрында № 164-буйругу кабыл алынып, анда аткарылуучу иштердин приоритеттик багыттары көрсөтүлгөн (аткарыла турган иштин түрлөрү, көлөмү, баасы жана аткаруу убактысы). Бул боюнча иш чаралар иштелип чыгып областтык мамлекеттик администрациялар менен макулдашылган.

Башкы суу алуучу cуу тосмолорду, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, суу сарыктырма тармактарын (КДС) жана башка суу курулуштарынын техникалык абалын өз убагында изилдеп чыгып ар бир курулуш боюнча аткарыла турган иштердин көлөмдөрү аныкталды, анын негизинде долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып аларды аткаруу боюнча календардык графиктери такталды.

2021-жылдын сугат мезгилине ирригациялык тармактарын даярдоо боюнча тѳмѳнкү жумуштар аткарылды. 

- 384,0 км каналдар оңдолгон, план боюнча 384,0 км, же 100 %;

- 263,9 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 263,9 км же 100 %;

- 916 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 916 же 100%;

- 797 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 797 же 100%;

- 82 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 82, же 100%;

- 15 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15, же 100%;

Суу чарба объектилерин 2021-жылдын вегетация мезгилине даярдоо план-графикке ылайык:

- Баткен Башкы суу чарба  башкармалыгы, Ош Башкы суу чарба  башкармалыгы, Жалал-Абад Башкы суу чарба  башкармалыгы 2021-жылдын 10-апрелине

- Чүй Башкы суу чарба  башкармалыгы, Талас Башкы суу чарба  башкармалыгы 2021-жылдын 20- апрелине

- Ысык-Көл Башкы суу чарба  башкармалыгы, Нарын Башкы суу чарба  башкармалыгы 2021-жылдын 1-майына

- Орто-Токой суу сактагычынын башкармалыгы, Папан суу сактагычынын башкармалыгы, Киров суу сактагычынын башкармалыгы, Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынын башкармалыгы      2021-жылдын 10-апрелине

Баардыгы болуп суу чарба курулуштарын сугат мезгилине өз убагында даярдоодо 79 даана ар түрдүү экскаваторлор, 34 даана бульдозер, 26 даана тракторлор, 16 даана автокран, 117 даана автомашина, 40 даана фронталдык жүктөгүчтөр жана 2010 адам ишке тартылып, калыбына келтирүү жумуштары аткарылды.

Суу агенттигинин Башкы суу чарба башкармалыктарынын рапортторунун негизинде мамлекеттик суу чарба объектилеринин сугат мезгилине сугат суусун берүүгө толук даяр экендигин билдирет.

Сугат тармактарында азыркы убакытта дарыялардагы суулардын чыгымынын жана суу пайдалануучулардын өтүнмөлөрүнүн негизинде сугат суусу берилип жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.

Суу чарба жана мелиорация департаменти тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирет: 2018-жылдын 1-майына карата 190,0 млн.сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 190,0 млн. сом, же 100 % түздү;  

  • 412,8 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 100 %; 
  • 369,9 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 100 %; 
  • 1161 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 100%;
  • 1101 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 100%;  
  • 102 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 100 %; 
  • 39 даана скважиналар оӊдолгон, план боюнча 39 даана, же 100 %

Ирригациялык суу сактагычтар долбоордук жана техникалык чегинде сугат сууну чогултууда.

5786,7 км каналдан суу берүүгѳ 5786,7 км даяр, же 100%, 1109,2 км каналдарда суу берилип жатат.

Суу чарба жана мелиорация департаменти мамлекеттик суу чарба объектилеринин сугат мезгилине сугат суусун берүүгө толук даяр экендигин билдирет. Сугат тармактарында азыркы убакытта дарыялардагы суулардын чыгымынын жана суу пайдалануучулардын өтүнмөлөрдүн негизинде сугат суусу берилип жаткандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…