Окутуу (2)
Кезектеги он бешинчи суу ресурстарын интегралдуу башкаруу боюнча Улуттук Кеңешмесинин Координациялык совети Бишкек шаарында 2016-жылдын 9-октябрында болуп өттү. Координациялык советтин он бешинчи кеңешмесинин отурумунда Кыргыз Республикасынын, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин отурумунун жүрүшүндө негизги маселелер, анын ичинен ден-соолук жана суу проблемасынын Протоколунун контекстинде каралуучу шмердүүлүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу багытында иштелип чыгуучу улуттук көрсөткүчтөр, ошондой эле Кыргызстандагы суу тематикасы боюнча иш алып барган долбоорлордун ишмердүүлүгүн жалпы координациялоо маселелери каралган. Жыйынтыгында, толкулоонун жүрүшүндө сын-пикирлер менен сунуштар берилип, кийинки Кеңешмеде эске алуу менен иштердин аткарылышы боюнча баяндап берүүсү сунушталган.