Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагындагы “Дени сак бала – дени сак улут!» акциясы Жети-Ѳгүз районунда өткөрүлдү
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/jetioguz

Пятница, 06 Август 2021 20:20

Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагындагы “Дени сак бала – дени сак улут!» акциясы Жети-Ѳгүз районунда өткөрүлдү

APNIP долбоорунун алкагында үстүбүздѳгү жылдын 5-августунда Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районунун Тамга айылында “Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгына” карата “Эне сүтү – жашоонун маңызы” аттуу темада акция уюштурулду. Иш-чара Тамга айылынын Үй-бүлѳѳлүк ден-соолук топтун алдында өткөрүлдү. Эне баланы коргоо боюнча Жети-Ѳгүз районунун координатору Атакеева Чынара жалаң гана эмчек эмизүүнун балдардын ден-соолугуна болгон пайдасы жөнүндө айтып берди.

Акциянын алкагында #APNIP долбоорунун активисттери медицина кызматкерлери менен биргеликте уюштурган “Аяй аталар” конкурсуна 5 үй-бүлө катышып, балдардын ден-соолугун чыңдоо, жалаң гана эмчек эмизүүнүн мааниси боюнча ат салышып, аталардын үй-бүлѳөгө болгон камкордугун көрсөтүштү. Чоң ата, чоң энелер, “кайын эне-кайын ата” тарабынан неберелеринин ден-соолугуна туура жана туура эмес жасаган мамилелери жөнүндө интермедияларды аткарышты.

Мындан тышкары катышуучуларга жалаң гана эмчек эмизүү боюнча суроо-жооп викторинасы ѳткѳрүлүп, активдүү катышкандарга белектер тапшырылды.

Сынактын жүрүшүнѳ калыстар тобунун курамына кирген Жети-Өгүз райондук Үй-бүлѳѳлүк медицина борборунун директорунун орун басары – Чолпон Мамбетказиева, Тосор айылынын ҮДТсынын башчысы, коомдук уюмдар жана айылдын аксакалдары баа беришти. Жеңүүчүлөргө берилген белектер APNIP долбоорунан каржыланды. Акцияны айыл ѳкмѳт тарабынан уюштурулган шайыр апалардын концерти коштоп, абдан көңүлдү өттү.

Иш-чаранын аягында Тамга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы APNIP долбоору тарабынан жасалып жаткан иштерди жана кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдарды баса белгилеп, долбоордун активистерине, кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары ден-соолук маселелери боюнча долбоордун иштерине колдоо көргөзөѳрүн баса белгиледи.

#Бүткүлдүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #APNIPдолбоору

{gallery}jetioguz{/gallery}

Read 913 times Last modified on Суббота, 21 Август 2021 20:23
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…