Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында акция Ысык-Ата районунда өткөрүлдү
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/ysykata

Пятница, 06 Август 2021 20:16

Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында акция Ысык-Ата районунда өткөрүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кеңеш айылында 2021-жылдын 3-августунда #APNIP долбоорунун алкагында 1-7 август күндѳр аралыгында “Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына” карата “Эне сүтү – жашоонун маңызы” аттуу акция болуп өттү. Бул иш-чарага 7-8-9 ай болгон 5 кош бойлуу келин жолдоштору менен, жергиликтүү тургундар, айыл ѳкмѳттүн ѳкүлдѳрү, АДКнын мүчөлөрү, ФАПтын кызматкерлери жана аймактын Ден-соолукту чыңдоо кабинетинин адиси, жалпы 42 адам катышты.

Акцияны Кеңеш орто мектебинин комузчулары жана бийчилер тобу коштоп, жогорку деңгээлде шаңдуу ѳткѳрүлдү.

Иш-чарага катышкан жаш жубайларга жалпысынан 5 суроо берилип, ар түрдүү жооптор алынды. Мисалы: Аялы толготуп, тѳрѳт үйүнѳ алып баруучу буюмдарды чогултууга алы жок болгон учурда жолдошу кандай буюмдарды чогултуу боюнча тапшырма берилди. Ушуга окшогон суроо-жооптордун жыйынтыгында калыстар тобу жеңүүчүлѳрдү аныктады.

  1. 1-орунга Джуманалиев Алтынбек келинчеги Мамытова Элнура менен ээ болуп, тѳрѳт үйүнѳ алып бааручу буюмдары менен бирге сумка берилди.
  2. 2-орунга Эркинбек уулуу Кубанычбек ѳмүрлүк жары Момуналиева Аида ээ болушуп, аларга бала жуундуручу комплект тапшырылды.
  3. 3-орунга Шекербеков Эсен жубайы Искакова Салтанат ээ болуп, токулган тѳшѳк-конверти берилди.
  4. 4-орунга Гасанов Радик менен келинчеги Гасанова Феруза ээ болуп, муслин тѳшѳкчѳсү белекке берилди.
  5. 5-орунга Искаков Анарбек жана жубайы Муратбек кызы Кундуз ээ болуп, баланын жүз аарчысы таптышырылды.

Бул акция болочокто тѳрѳлѳ турган наристенин ден-соолугуна үй-бүлѳѳдѳ бир гана кош бойлуу эне эмес ымыркайдын атасы жана үй-бүлѳѳ мүчѳлѳрү да катышып, балага алдын ала кам кѳрүүгѳ багытталган.

#Бүткүлдүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #APNIPдолбоору

{gallery}ysykata{/gallery}

Read 865 times Last modified on Суббота, 21 Август 2021 20:20
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…