Тамчылатып сугаруу – мезгил талабы!
Понедельник, 18 Январь 2021 05:34

Тамчылатып сугаруу – мезгил талабы!

Акыркы кезде дүйнѳ жүзүндѳ суу жана жер ресурстарын интенсивдүү пайдалануу күч алды. Сугат сууну тура эмес пайдалануунун кесепетинен кээ бир региондордо жер деградацияга учурап, жер астындагы суулар кѳтѳрүлүп, жер бети шорлонууга айланып, айыл чарба ѳсүмдүктѳрүнүн түшүмдүүлүгү азайгандан азайып бара жатат.

Жогоруда айтылган терс кѳрүнүштѳргѳ каршы күрѳшүүнүн негизи болуп, жердин агротехникасы жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча билимди жогорулатуу болуп саналат. Айыл чарба ѳсүмдүктѳрүнѳн жогорку түшүм алуунун негизги фактору – сугатты туура уюштуруу эсептелинет. «Суу – ѳсүмдүктүн каны», – демекчи, ѳсүмдүккѳ суу ѳз убагында, керектүү ѳлчѳмдѳ берилсе, анда анын ѳсүүсү жакшы болот.

Ал эми кийинки мезгилде сугаруу ыкмасын «Даректүү сугаруу» деп атап келишет. Бул да жѳн эмес. Анткени, ар бир айыл чарба ѳсүмдүгүнүн тамырына гана ным жана азык зат жеткирилет. Ошонун эле жанында ѳскѳн отоо чѳптѳргѳ суу жетпей калат. Натыйжада ал куурап жок болот. «Тамчылатып сугаруу» деген термин акыркы учурда дыйкандардын сезимине сиңип калды.

Республиканын кээ бир райондорунда, негизинен, түштүк райондордо ар бир атуулга бѳлүнгѳн жер үлүшүнүн аянты аябай эле аз ѳлчѳмдѳ (Баткен облусунун кээ бир жерлеринде 3 сотых) болгондуктан, фермерлер кайрак, эңкейиш, ѳңгүл-дѳңгүл, таштак, ыңгайсыз, суу жетпеген жерлерди ѳздѳштүрүүгѳ аракет жасашууда.

Андан тышкары, таштак, кумдак жерлерде да, сугат суу жер астына сиңип, сугаруунун эффективдүүлүгү начарлайт. Мындай жерлерде жер бети менен сугаруу жакшы натыйжа бербейт. Сугаттын адаттагыдай ыкмаларын колдонуу мумкүн болбогон жерлерде тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу аябай эффективдүү. Тамчылатып сугаруу – айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн (мѳмѳ-дарактар, жүзүм, помидор ж. б. кирешелүү ѳсүмдүктѳр) сугаруунун прогресивдүү ыкмаларынын бири.

Суу жоготуусуз, полиэтилен түтүктѳрү аркылуу, тамчылаткычтардын (капельница) жардамы менен ар бир ѳсүмдүктүн түбүнѳ берилет жана топурактын тамырлар жайланышкан зонасын гана нымдайт. Мындай учурда суу ѳсүмдүккѳ белгилүү ѳлчѳмдѳ гана берилип, ал жоготууга жана терең фильтрацияга кетпейт, жердин жуулуп кетүүсүнѳ, шорлонуусуна, бузулуусуна жол берилбейт.

Read 1123 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…