Чуй облусунун Жайыл районунун Алексеевка айыл өкмөтү, Алексеевка айылы.
Понедельник, 21 Сентябрь 2020 08:43

Чуй облусунун Жайыл районунун Алексеевка айыл өкмөтү, Алексеевка айылы.

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана

инвестициялоо агентствосу (АРИС) 

« Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору

 

Чуй облусунун Жайыл районунун Алексеевка айыл өкмөтү,

Алексеевка айылы.

Айылдагы калктын саны – 7037 киши

 

Ичүүчү суу системасын Алексеевка айылында эскирип копчулук жерлеринен суу чыгып жараксыз болгон.

Алексеевка айылы АРИСтин алкагындагы  «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбооруна 2017 жылы кирген.

     

2018-жылы өткөрүлгөн тендердин негизинде ЖЧК “Победа», жана ААК «Жумгалсуукурулуш» мекемелери менен келишим түзүлүп Алексеевка суу системасын куруу үчүн долбоор даярдалган.

 

Даярдалган долбоор боюнча кыскача маалымат

Алексеевка айылын суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор даярдалып, айыл өкмөтү, айылдык депутаттар жана жергиликтүү калк менен биргеликте каралып чыгып, сунушталган долбоор жактырылган. Долбоор жалпысынан айылды суу менен камсыз кылуу үчүн, тереңдиги 150 метрден болгон үч даана скважина, кайра кабылына келтирилген. 500 м3 болгон 2 даана суу топтоочу жай, жана 36393 метр суу түтүктөрүн камтыйт.

 

Тендердик процедуралар

2018 жылы Алексеевка айылынын суу системасын куруу жумуштарына тендер жарыяланып, тендердин негизинде 2018-жылы 28-май куну ЖЧК «Победа» жана ААК «Жумгалсуукурулуш» ишканалары менен келишим түзүлгөн. Курулуш мөөнөтү 18 ай. Келишимдин жалпы суммасы 100 336 749,66 сом

 

Аткарыла турган жумуштар

  1. Скважиналарды кайра калыбына келтирүү, жана насосторду орноштуруу
    – 3 даана, тереңдиги 150 м.;
  2. Суу топтоочу жай (резервуар) – 2 даана 500 м3;
  3. Магистралдык суу түтүктөрүнүн куруу - узундугу 2 973,3м, диаметри 200-160 мм.;
  4. Айыл ичиндеги суу түтүктөрүн куруу – узундугу 33 419,7 м, диаметри 65, 75, жана 110 мм.

Аткарылган пайызы – 100 %

Read 670 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…