2019-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад, 18-октябрда Талас, 23-октябрда Ош, 24-октябрда Баткен облустарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу Демилгелүү топтун курамында жергиликтүү экономиканын негизги бөлүгүнүн бири болгон ирригация системасын өнүктүрүү багытындагы коомдук талкуулар болуп өттү.
Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук суу чарба башкармалыктарынын жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты.
Коомдук талкуулоонун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) өз ара аракеттенүүлөрү, сугат суу менен камсыздоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.