Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/ffkrg

Четверг, 26 Сентябрь 2019 09:43

Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Оргочор айылдарындагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган ирригациялык объектилерде иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 128,2 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады. 

Калыбына келтирүү иштеринин толук жыйынтыкталышы менен дыйкандар үчүн 5 миң гектарга жакын жерлерге сугат сууну ыкчам берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул райондун айыл чарбасына жакшы таасирин тийгизет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ирригация системасын жакшыртуу анын жеке көзөмөлүндө экенин өзгөчө белгиледи.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2024-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 31 объект аныкталган. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14дө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөт. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

{gallery}ffkrg{/gallery}

Источник:http://www.president.kg

Read 1380 times
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…