Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 22-августта Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты.
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: images/fot

Пятница, 23 Август 2019 03:18

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 22-августта Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван  жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реклонструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуунун үстүндө иштер жүрүүдө.

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 Мамлекет башчысы ирригация тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү регионалдык өнүктүрүү саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ал дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо айыл чарбасын жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн ачкычтарынын бири, дыйкан эмгегинин негизи экенин баса белгиледи.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен бул маселени чечүүнү тездетүү сунушталды.

{gallery}fot{/gallery}

Источник:

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий Интернет сайтынан маалымат.

 

Read 1475 times
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…