Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Т.Балагулов айыл округундагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.
Пятница, 16 Август 2019 04:09

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Т.Балагулов айыл округундагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Т.Балагулов айыл округундагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, долбоор Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 48 млн. 832 миң сом.

«Каналдын курулушу 200 га жаңы сугат жерин иштетүүгө шарт түзүп, жерлерди суу менен камсыз кылууну арттырат», — деп билдирди Кокумбек Таштаналиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга карата Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 58,8 млрд сомго 44 ирригация объектисин куруу каралган.

«Бул 66 миң гектар жаңы жерди иштетүүгө жол ачат. Мындан тышкары110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат. 2023-жылы программанын 2-баскычы аяктап, өлкөдө 32 ирригациялык объект ишке берилмекчи. Суу – бул биздин башкы байлыгыбыз. Бардык жарандарыбызга ичүүчү жана сугат суу жеткиликтүү болушу үчүн биз көп иштерди аткарууга тийишпиз. Аймактарды өнүктүрүүдө бир топ иш жасап жатабыз, бирок бул маселе биз үчүн артыкчылыктуу экендигин баса белгилеп кетким келет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышты.

Бул канал ишке берилсе Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айылдарында жана Ренжит өрөөнүнүн башка тилкелеринде 7 миң гектарга жакын жерди сугарууга мүмкүндүк пайда болот.

Канал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Курулуп бүткөн соң Беш-Батман каналынын уландысы болот. Бул калкты сугат суу менен камсыздоо маселелериндеги көз карандылыктан арылтат. Жасалып жаткан иштердин жалпы суммасы 800,0 млн сом.

Мындан тышкары Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана калк менен Улук массивин өздөштүрүү келечегин талкуулады. Бул долбоор аймактарда ирригацияны өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларда камтылган.

«Ирригацияны өнүктүрүү – бул биздин ишибиздин эң башкы артыкчылыктарынын бири. Себеби бул маселе региондорду өнүктүрүүдө зор мааниге ээ. Биз үчүн эң негизгиси – өлкөдөгү биримдик жана туруктуулук. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, тынчтык жана ынтымак болгону үчүн Өкмөт аймактарда мектептерди, жолдорду, ооруканаларды жана башка объекттерди куруп жатат. Биз бардык тармактарды иретке келтирип жатабыз. Атамекендик экономиканын өсүү темпи мындан ары да ыкчамдай берет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Источник:

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Read 867 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…