Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда Ош облусунун Араван районундагы “Кур-Таш” СПАсында төмөнкү темалар боюнча семинар өткөрүлдү:
- СПАнын чыгымдарын жана финансаларын пландоонун обзору;
- Ички чарбалык ирригациялык системаларды реабилитациялагандан кийин ЭБж ТТ;
- СПАлардын насыялык каражаттарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кайтарып берүүнү жакшыртуу.
Семинарда “Кур-Таш” СПАсынын дирекциясы жана башкаруу органдарынын мүчөлөрү, Ош жана Баткен облустарынын СПАны колдоо боюнча облустук жана райондук бөлүмдөрүнүн адистери жана “Төө-Моюн” айылдык кеӊешинин өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү катышты. Бардыгы болуп 27 адам катышты. Семинар “Төө-Моюн” айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүлдү. Азыркы убакта “Кур-Таш” СПАсында “АЧѲжТАЖ” (УСПП) долбоорунун алкагында ички чарбалык системага реабилитациялоо жумуштары өткөрүлүүдө.
Семинар болуп жатканда 3-Компоненттин Координатору К.Жаанбаев семинардын бардык катышуучуларын семинардын программасы менен тааныштырып жана 107 СПАдагы насыяларга аткарылган, ПВО-1, ПВО-2 и ДФ ПВО-2. долбоорлорунун алкагындагы реабилитациялык жумуштарды аткарууга алынган насыяларды кайтарып берүнүн абалы тууралуу айтып берди. Ошондой эле, катышуучуларга кайтарып берүү келишимин түзүү процедураларын жана 25%ин 7 жылдын ичинде кайтарып берүүнү түшүндүрүп берди. “Кур-Таш” СПАсында ИКАны төлөө суммасын реабилитациялоо жумуштары аткарылгандан кийин жогорулатуу керектигин өзгөчө белгиледи.
Андан кийин, Ички чарбалык системаларды ЭБжТТ боюнча адис А.Юлдашев чыгып сүйлөдү. Ал катышуучуларга ички чарбалык ирригациялык системаларды реабилитациялоодон кийин башкаруу, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча (ЭБжТТ) айтып берди.
Ички чарбалык ИжД системанын натыйжалуу жана туруктуу иштеши үчүн пландоонун, жумуштардын бардык түрлөрүн даярдоо жана тиешелүү керектүү иштердин бардык түрлөрүн өткөрүү, аларды тейлөө зоналарынын чегинде суу пайдалануучуларга заманга ылайык жана бирдей өлчөмдөгү кызмат көрсөтүү максаттары үчүн СПАнын уюштуруу түзүмүн иштеп чыгуу жана аныктоо керек.
Ал ички чарбалык системаны ЭБжТТ боюнча “УСРБ – 1” алкагында иштелип чыккан Колдонмо тууралу айтып берип, анын үч бөлүмү тууралу кеӊири токтоло кетти:
- А Бөлүмү: Ички чарбалык ИжД системаны башкаруу;
- В Бөлүмү: Ички чарбалык ИжД системаны эксплуатациялоо;
- С Бөлүмү: Ички чарбалык ИжДсистемаларын техникалык тейлөө;
Ушул колдонмонун максаты СПАларга ички чарбалык ирригациялык жана дренаждык системаларды (ИжД) ЭБТТ боюнча практикалык рекомендацияларды берүү болуп саналат. Ошондой эле, ДИАБнын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси М.Камчыбеков, айыл өкмөтүнүн башчысы жана СПАнын деректири чыгып сүйлөштү.
Семинардын аягында ар бир тема боюнча талкуу жүргүзүлдү. Катышуучулар тараптан консультанттарга насыянын 25% кайтарып берүү жана каналдарды жана курулмаларды реабилитация кылуудан кийин тейлөө маселелери боюнча суроолор берилди.