Колдо болгон суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынууда Суу чарба жана мелиорация департаментинде ( 2019-жылдын 4-июлундагы № 78- буйругу) жана түзүмдүк бөлүктөрүндө, БСЧБ, РСЧБларда штабдар түзүлгөн
Четверг, 11 Июль 2019 11:44

Колдо болгон суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынууда Суу чарба жана мелиорация департаментинде ( 2019-жылдын 4-июлундагы № 78- буйругу) жана түзүмдүк бөлүктөрүндө, БСЧБ, РСЧБларда штабдар түзүлгөн

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин жагымсыз аба ырайынын шарты менен байланышкан сугат суулары менен камсыздоодогу суу бөлуштүрүүнү мобилизациялоо максатында жарык көргөн 2019-жылдын 26-июнундагы №218- буйругун жүзөгө ашыруу үчүн Суу чарба жана мелиорация департаментинде ( 2019-жылдын 4-июлундагы № 78- буйругу) жана түзүмдүк бөлүктөрүндө, БСЧБ, РСЧБларда штабдар түзүлгөн.

Колдо болгон суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынууда.

Сугат сууларынын жетишсиздиги менен байланышкан маселелерди өз учурунда жана ыкчам чечүү үчүн кезектештирип суу берүү (водооборот) жана түнкү сугаттар уюштурулуп жатат.

Суу пайдалануучулар менен сугат сууларын натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы жана руксатсыз сууларды алууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аба-ырайын эске алуу менен суу берүү графиктерине өзгөртүүлөр (корректировка) киргизилип жатат.

Сугат сууларын пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн СЧЖМДнын, БСЧБнын жана РСЧБнын кызматкерлеринен турган топтор уюштурулуп, жер-жерлерде бул максатта аракеттер көрүлүүдө.

Read 1297 times Last modified on Четверг, 11 Июль 2019 11:46
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…