Мамлекеттик ирригация тармактарын 2018-жылдын вегетация мезгилине даярдоо боюнча 2018-жылдын 27 - апрелине карата маалымат
Суббота, 28 Апрель 2018 04:50

Мамлекеттик ирригация тармактарын 2018-жылдын вегетация мезгилине даярдоо боюнча 2018-жылдын 27 - апрелине карата маалымат

2018-жылдын 27-апрелине карата 185,2 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 190,0 млн. сом, же 98 % түздү; 

  • 400,1 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 97 %; 
  • 353,5 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 96 %; 
  • 1135 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 98%;
  • 1076 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 98%;  
  • 96 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 94 %; 
  • 37 даана скважиналар оӊдолгон, план боюнча 39 даана, же 95 %

Мамлекеттик суу чарба объектилердин 2018-жылдын вегетация мезгилине даярдоо, оңдоо иштерин бүткөрүү план – графигине ылайык:

- Орто-Токой,  Киров жана Папан суу сактагычтары, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй БСЧБлардын башкармалыктары 2018-жылдын сугат мезгилине сугат суу берүүгө даяр.

Ал эми, Ысык-Көл жана Нарын БСЧБлардын башкармалыктары боюнча  2018-жылдын 1-майына карата бүткөрүлөт.

Read 998 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…