2021-жылдын 29-мартына карата сугат иштерин жүргүзүү боюнча маалымат
 
Понедельник, 29 Март 2021 07:00

2021-жылдын 29-мартына карата сугат иштерин жүргүзүү боюнча маалымат

2021-жылдын вегетациялык мезгилине даярдануу максатында республиканын бардык облустарында жазгы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 29-мартына карата жалпысынан жазгы ным топтоо сугатына суу берүү планда 333,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө көлөмү – 82,5 млн.м3 суу берилип план 25% аткарылган. Берилген суу менен планда 209 миң га каралган болсо иш жүзүндө – 54,2 миң гектар аянты сугарылып, план 26 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча; мөмө-жемиш бактары – 18,1 миң га, көп жылдык чөп – 10,7 миң га, дан эгиндери – 4,3 миң га, жашылчалар –0,8 миң га, башка өсүмдүктөр – 17,7 миң га жана себүү алдындагы сугаты менен – 2,6 миң гектар аянты сугарылган.

Read 13556 times
Login to post comments
Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…