Мамлекеттик ирригациялык суу чарба тармактарын 2018-жылдын сугат мезгилине даярдыгы тууралуу жыйынтыктоочу маалымат.
Пятница, 27 Апрель 2018 05:53

Мамлекеттик ирригациялык суу чарба тармактарын 2018-жылдын сугат мезгилине даярдыгы тууралуу жыйынтыктоочу маалымат.

Суу чарба жана мелиорация департаменти тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирет: 2018-жылдын 1-майына карата 190,0 млн.сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 190,0 млн. сом, же 100 % түздү;  

  • 412,8 км каналдар оңдолуп, план боюнча 412,8 км, же 100 %; 
  • 369,9 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 369,9 км же 100 %; 
  • 1161 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1161 же 100%;
  • 1101 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1101 же 100%;  
  • 102 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 102, же 100 %; 
  • 39 даана скважиналар оӊдолгон, план боюнча 39 даана, же 100 %

Ирригациялык суу сактагычтар долбоордук жана техникалык чегинде сугат сууну чогултууда.

5786,7 км каналдан суу берүүгѳ 5786,7 км даяр, же 100%, 1109,2 км каналдарда суу берилип жатат.

Суу чарба жана мелиорация департаменти мамлекеттик суу чарба объектилеринин сугат мезгилине сугат суусун берүүгө толук даяр экендигин билдирет. Сугат тармактарында азыркы убакытта дарыялардагы суулардын чыгымынын жана суу пайдалануучулардын өтүнмөлөрдүн негизинде сугат суусу берилип жаткандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

Read 4461 times
Login to post comments
Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…