Бүгүн 17-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кесиптик күнүн белгилеп жана Айыл чарба министрлигинин 90 жылдык юбилейин Республикалык деңгээлде өткөрдү.
Салтанаттуу 90 жылдык маарекеге Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.Кенекеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты Р. Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев, жана Министрликтин алдындагы департаменттер, Республиканын бардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, , ардагерлер, Өкмөт мүчөлөрү, дыйкандар, фермерлер, катышты.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев өз сөзүндө “Урматтуу жер эненин берекесин ачкан фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери! Сиздерди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация кызматкерлеринин кесиптик майрамы, ошондой эле министрликтин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен министрликтин жалпы жамаатынын атынан жана өзүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктап”, министрликтин жетишкендиктерине жана алдыдагы аткарылуучу иштерине токтолуп салтанаттуу ааземди ачтык деп жарялады.
Салтанаттуу маарекенин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.Кенекеев айыл чарба кызматкерлерин майрамы жана 90-жылдык юбилейи менен куттуктап, кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, ийгиликтерди каалады.
Маарекененин жыйынтыгында айыл чарба кызматкерлерине куттуктоо жана ыраазычылык сөздөр айтылып, чакан концерт менен 90-жылдык юбилей жыйынтыкталды.
Кененирээк маалымат: agroprod.kg