2017-жылдын 18-сентябрына карата сугат иштери боюнча маалымат
Четверг, 21 Сентябрь 2017 05:38

2017-жылдын 18-сентябрына карата сугат иштери боюнча маалымат

План боюнча көлөмү- 4456,1  млн.м3 каралса,  чыныгы берилген суунун көлөмү –4315,4  млн.м3 түзүп, план  97 пайызга аткарылган.  Сугатка берилген суу менен бардыгы болуп -2781,1 миң гектар аянты сугарылган.

Айыл чарба өсүмдүктөр боюнча:

  • дан эгиндери, биринчи сугаты менен – 140,8 миң га, экинчи сугаты менен – 74,2 миң гектар сугарылды
  • көп жылдык чөп – эки жолу сугарылып, үчүнчү сугаты  – 160,5 миң га сугарылууда
  • дан жүгөрү –үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 27,7
  • жашылчалар – үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 78,6
  • мөмө жемиш бактары – үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты- 8,1
  • кант кызылча - үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 15,5
  • пахта - үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 10,1
  • төө бурчак - үч жолу сугарылып, төртүнчү сугаты – 10,6
  • күрүч - алты жолу сугарылды.

Учурда Республика боюнча вегетациялык сугаттары аяктап, себүү алдындагы сугаты жана күздүк ным топтоо сугаты башталууда.

Бардыгы болуп   себүү алдындагы сугаты менен -  18,7 миң гектар сугарылды; Чүй облусунда – 12,5 миң  га,  Жалал-Абад облусунда -3,0 миң га Талас  облусунда -1,3 миң га,  Ыссык-Көль облусунда – 0,7 миң га.

Ошондой эле күздүк ным топтоо сугаты менен – 10,6 миң гектар сугарылды; Чүй облусунда – 5,6 миң  га, Талас  облусунда -4,0 миң га,

Ыссык-Көль облусунда – 1,0  миң га.    

Read 4599 times
Login to post comments
Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…