План боюнча көлөмү- 4185.1 млн.м3 каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –4077,7 млн.м3 түзүп, план 97 пайызга аткарылган. Сугатка берилген суу менен бардыгы болуп -2675,6 миң гектар аянты сугарылган.
Сугарылган –2675,6 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 900,2 миң га, экинчи сугаты менен – 1584,6 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган – 900,2 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 140,8 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 236,4
- дан жүгөрү – 87,3
- жашылчалар – 119,4
- мөмө жемиш бактары – 31,2
- кант кызылча – 17,3
- пахта – 19,5
- төө бурчак – 48,5
- күрүч – 9,6
- башка өсүмдүктөр – 190,2
Экинчи сугаты менен сугарылган – 1584,6 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 74,2
- көп жылдык чөптөр – 383,3
- дан жүгөрү –197,4
- жашылчалар – 301,8
- мөмө жемиш бактары –65,4
- кант кызылча –45,9
- пахта- 46,6
- төө бурчак – 106,4
- күрүч –40,3
- башка өсүмдүктөр – 323,3 миң га.