План боюнча көлөмү- 4164,7 млн.м3 каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –3893,6 млн.м3 түзүп, план 93 пайызга аткарылган. Сугатка берилген суу менен бардыгы болуп -2546,3 миң гектар аянты сугарылган.
Сугарылган –2546,3 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 900,2 миң га, экинчи сугаты менен – 1456,9 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган – 900,2 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 140,8 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 236,4
- дан жүгөрү – 87,3
- жашылчалар – 119,4
- мөмө жемиш бактары – 31,2
- кант кызылча – 17,3
- пахта – 19,5
- төө бурчак – 48,5
- күрүч – 9,6
- башка өсүмдүктөр – 190,2
Экинчи сугаты менен сугарылган – 1456,9 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 74,0
- көп жылдык чөптөр – 352,8
- дан жүгөрү –182,9
- жашылчалар – 273,6
- мөмө жемиш бактары –61,1
- кант кызылча –42,6
- пахта- 41,0
- төө бурчак – 98,9
- күрүч –36,6
- башка өсүмдүктөр – 293,4 миң га.