2017-жылдын 10-июлуна карата сугат иштери боюнча маалымат
2017–жылдын 10-июлуна карата план боюнча көлөмү- 2777,9 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –2247,8 млн.м3 түзүп, план 81пайызга аткарылган. План боюнча – 1833,4 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп – 1464,4 миң гектар аянты сугарылып, план 80 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 1464,4 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 859,4 миң га, экинчи сугаты менен – 415,8 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган – 859,4 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 127,4 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 229,6
- дан жүгөрү – 87,6
- жашылчалар – 112,6
- мөмө жемиш бактары – 30,6
- кант кызылча – 14,9
- пахта – 15,1
- төө бурчак – 48,1
- күрүч – 9,3
- башка өсүмдүктөр – 184,2
Экинчи сугаты менен сугарылган – 415,8 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 47,6
- көп жылдык чөптөр – 87,2
- дан жүгөрү – 49,1
- жашылчалар – 90,4
- мөмө жемиш бактары –22,0
- кант кызылча – 3,6
- пахта- 9,4
- төө бурчак – 17,3
- күрүч –13,1
- башка өсүмдүктөр – 76,1 миң га.