2017–жылдын 27-июнуна карата план боюнча көлөмү 2362,6 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –1724,2 млн.м3 түзүп, план 73 пайызга аткарылган. План боюнча – 1563,6 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп – 1126,3 миң гектар аянты сугарылып, план 72 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 1126,3 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 750,4 миң га, экинчи сугаты менен – 186,7 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган – 750,4 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 104,6 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 215,0
- дан жүгөрү – 75,8
- жашылчалар – 94,9
- мөмө жемиш бактары – 26,9
- кант кызылча – 8,7
- пахта – 14,2
- төө бурчак – 36,1
- күрүч – 7,4
- башка өсүмдүктөр – 166,6
Экинчи сугаты менен сугарылган – 186,7 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 37,3
- көп жылдык чөптөр – 34,0
- дан жүгөрү – 13,0
- жашылчалар – 41,0
- мөмө жемиш бактары – 14,6
- пахта-6,0
- төө бурчак – 3,6
- күрүч –7,4
- башка өсүмдүктөр – 29,8 миң га.