Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Лента новостей

Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата суу чарба кызматкелерин Кыргыз Республикасынын премьер министри Сооронбай Жээнбеков, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация Министри Нурбек Мурашев жана Суу чарба жана мелиорация Департаментинин башкы директору Кокумбек Таштаналиев куттукташты.

 

Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

         Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Учурда жаңы жерлерди өздөштүрүү жана сугат жерлерин суу менен камсыз кылуу, мелиорациялык абалын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Азыр республиканын аймагында 4553 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 2974 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоо жогорулады жана 6533 гектар жердин мелиорациялык абалы жакшыртылды. Ички чарбалык маанидеги жана мамлекеттин карамагындагы иштеп жаткан  айрым суу чарба объектилери калыбына келтирилүүдө. Бул мамлекеттин азык-түлүккө болгон көз карандысыздыгын камсыз кылууда  башкы ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын долбоору жактырылды. Ага ылайык, республикабыздын аймагында 66,7 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 51,6 миң гектар сугат жер суу менен камсыздалат жана 50 миң гектар жердин мелиорациялык абалы жакшыртылат, 242 миң адам жаңы жумуш орундары менен камсыз болушат.

Урматтуу суу чарба тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрүктөн куттуктап, ар бириңиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге  албан-албан ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Элибизде дайыма тынчтык жана бакубатчылык болсун!

 

Сиздерди урматтоо менен,

Премьер-министр                                                        С.Ш.Жээнбеков

 

 

Урматтуу кесиптештер кадырлуу суу чарба кызматкерлери!

Баарыбыз үчүн белгилүү болгондой айыл чарба тармагын суусуз элестетүү эч мүмкүн эмес. Андыктан элибизде “Суу – өмүрдүн булагы”,-деп бекеринен айтылбаса керек. Себеби жер жүзү, адамзат жаралган күндөн тартып эле, бардык органикалык тирүү жандар үчүн өмүр тартуулагандардын бири бул – суу. Анткени суу ар бир жан үчүн керек жана маанилүү.

          Суу бир гана жер менен иштеген дыйкандар тарабынан  алынуучу айыл-чарба  түшүмдөрүн  бербестен, ал фермерлерибиздин  төрт түлүк малдарынан даярдалып жаткан эт, сүт сыяктуу жана башка көптөгөн   азык-түлүк  продукцияларынын алынышынын да башкы булагы. Демек, суусуз жашоо жок  Адам баласы үчүн суу,  аба сыяктуу эле чоң  мааниге ээ.

        Албетте, ошол өмүр булагы болгон сууну  дыйкандарыбызга, фермерлерибизге  жеткирип жаткан  Суу чарба департементинин кызматкерлери. Бүгүн бул тармактагы жетишилген ийгиликтер  алардын чымырканган  эмгектеринин натыйжасы экендиги талашсыз. 

             Биздин суу чарба кызматкерлери өлкөбүздө жүрүп жаткан айыл чарбасын реформалоо боюнча  натыйжалуу иштеп жатасыздар. Бүгүнкү күндө 2017-жылдын сугат мезгилине суу чарба объектилерин оңдоо, кайра калыбына келтирүү иштери кынтыксыз аткарылып, дыйкандарга сугат суулары үзгүлтүксүз толугу менен берилүүдө. Ошондуктан ар бирибиз сууну туура жана таза,  сарамжалдуу пайдаланып, сугат жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн суугаруу учурунда акыркы үлгүдөгү технологияларды пайдалануу менен тамчылатып суугарууну колго алуудабыз.  Бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл буруп, табигый сууларды үнөмдүү пайдалануу менен кайрак жерлерди сугат жерге айландырып алсак мамлекеттин экономикасына чоң салым кошобуз.

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан суу чарба тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу көнүл бурулгандыгынын натыйжасында бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасынан бөлүнгөн 32млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык акча каражаттары өлкөбүзгө 6 ири  ирригациялык инвестициялык  долбоордун курулуш иштерине жумшалып,  кыска убакыт ичинде иш башталганы турат.

          Андан тышкары учурда  суу чарба жана мелиорация департаменти тарабынан республикабызда  бир катар обьектилер ишке кирип, жаңы каналдар курулуп, мамлекетибиздинанын ичинде айыл чарба тармагынын  өнүгүүсүнө салымыңыздарды кошуп келесиздер. Бул жоопкерчиликтүү ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

 

 Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш

өңөр жайы жана мелиорация министри:                            Н. Мурашев

 

 

УРМАТТУУ СУУ ЧАРБА ТАРМАГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ, КЕСИПТЕШТЕР!

  Сиздерди Суу чарба кызматкерлеринин күнү, кесиптик майрамыңыздар менен  Суу чарба жана мелиорация департаментинин коллегия  мүчөлөрүнүн  жана жеке өзүмдүн  атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

 Июнь айында белгиленүүчү Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын өлкөбүздүн ушул тармакта эгектенген жалпы жааматы жакшы ийгиликтер менен тосуп алышты.

 Бүгүнкү күндө 2017-жылдын сугат мезгилине ирригациялык объектилерин оңдоо, калыбына келтирүү жумуштары өз убагында аткарылып, дыйкандарга сугат суусу өз учурунда керектүү көлөмдө  берүүгө шарт  түзүлүп, дыйкандарыбызга сугат суу үзгүлтүксүз берилүүдө.

 Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында суу чарба объектилерин куруу улантылып, 2016-жылы Нарын областынын Ак-Талаа районунда «Ак-Сай суу алуучу башкы түйүнү» жана Баткен областынын Кадамжай районунда «Бүргөндү» өңдүү курулуш объектилери эксплуатацияга берилип  4450га жаңы суу баскан жер аянттары пайдаланууга берилди.

 Кыргыз Республикасынын Президенти, Өкмөтү тарабынан суу чарба тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу көнүл бурулгандыгынын натыйжасында бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасынан бөлүнгөн 32млн. АКШ доллары  өлчөмүндөгү гранттык акча каражаттары республиканын аймагындагы 6 ирригациялык инвестициялык долбоордун курулуш иштерине жумшалып, иш жакын арада башталат.

         Мындан тышкары өлкөбүздүн аймагындагы өтө зарыл болгон 13 суу чарба инвестициялык долбоору үчүн Араб координациялык группасына наркы 362 млн. АКШ долларын түзгөн жана Корея Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү фондуна (ЕДСF) 5 суу чарба инвестициялык долбоору наркы – 15,4млн. АКШ долларын түзгөн объектилер инвестициялык салымдарына сунушталып, быйылкы жылдын эки жарымында алгачкы объекттилердин курулуш иштери башталышы алдында турат.

Департаменти тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2026-жылдардагы ирригациялык өнүктүрүү программасынын жаңы долбоору даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдар жана ведомстволор менен макулдашылып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунушталып, жакынкы  күндөрдө кабыл алынуусу күтүлүүдө.

Жогоруда белгиленген жооптуу милдеттерди ар бирибиз талыкпаган  эмгегибиз менен аткарып, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө, мамлекеттин  азык-түлүк  коопсуздугун камсыз кылууга салымыбызды кошо беребиз деп терең ишенем!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, жооптуу жана ардактуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалап, ар бириңиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Сиздерди терең урматтоо менен,

 

Суу чарба жана

мелиорация департаментинин

башкы директору                                                             К.Ж.Таштаналиев

Прочитано 2255 раз Последнее изменение Пятница, 16 Июнь 2017 05:44
Авторизуйтесь, чтобы получить возможность оставлять комментарии

СВР

 

Служба водных водных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики

График

Рабочие дни:

Понедельник - Пятница с 9:00 - 18:00 

Выходные дни:

Суббота, Воскресенье

Контакты

Адрес:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (приемная)

Факс:  

+996 312 54 90-94

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…