2017–жылдын 12-июнуна карата план боюнча көлөмү 1768,9 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –1191,5 млн.м3 түзүп, план 67 пайызга аткарылган. План боюнча – 1173,1 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп – 781,0 миң гектар аянты сугарылып, план 67 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 781,0 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 531,8 миң га, экинчи сугаты менен – 60,0 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган – 531,8 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 68,9 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 152,1
- дан жүгөрү – 50,4
- жашылчалар – 73,4
- мөмө жемиш бактары – 22,4
- кант кызылча – 1,2
- пахта – 10,2
- төө бурчак – 20,9
- күрүч – 5,4
- башка өсүмдүктөр – 126,9
Экинчи сугаты менен сугарылган – 60,0 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 17,6
- көп жылдык чөптөр – 12,9
- дан жүгөрү – 1,5
- жашылчалар – 8,4
- мөмө жемиш бактары – 8,1
- төө бурчак – 0,5
- күрүч – 2,0
- башка өсүмдүктөр – 9,0 миң га.