Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында жер жана суу кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Максат - жер менен сууну натыйжалуу колдонуу. Акылбек Жапаров тиешелүү жетекчилерге мөңгүлөрдү, жер алдындагы жана үстүндөгү суунун көлөмүн эсептеп чыгууну тапшырды. Муну менен катар эмгек кодексине киргизилип жаткан өзгөртүү, толуктоолор боюнча маселе да колдоо тапты. Жыйындын күн тартибине 28 маселе киргизилди.