Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотносун төшөө иштери ийгиликтүү аяктады
Пятница, 15 Май 2026 07:06

Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотносун төшөө иштери ийгиликтүү аяктады

Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Суймонкул Чокморов айылына караштуу Октябрь айылындагы P-7 каналынын 1,5 чакырым тилкесине бетон полотно төшөө иштери толугу менен аяктады. Жалпы аянты 13 675 чарчы метрди түзгөн бетон каптоо жумуштары 100 пайыз бүткөрүлдү.

Учурда канал аркылуу 2 700 гектар айыл чарба жерин сугат суу менен камсыздоого толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул иштер аймактагы сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатып, суу жоготууларын азайтууга жана дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого өбөлгө болот.

Мындан тышкары, P-7 каналынын кошумча 0,8 чакырым тилкесине жалпы аянты 7 220 чарчы метр болгон бетон полотно төшөө иштери 2026-жылдын IV кварталына пландалган.

 

Read 66 times Last modified on Пятница, 15 Май 2026 07:48
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…