Орловка шаарында сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча бир катар иштер жүрдү
Четверг, 18 Апрель 2024 09:09

Орловка шаарында сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча бир катар иштер жүрдү

Орловка шаарында ирригациялык системаны калыбына келтирүү, тазалоо жаңыртуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Орловка шаарынын мэри Бакыт Чанчаров билдирди.

Анын айтымында, «Орловка суу канал» ишканасынын кызматкерлери тарабынан Быстроток участогунда арыктарды (9 км) казуу, каналдарды (7 км) таштандылардан тазалоо, бадалдарды жана бак-дарактарды кыркуу иш-чарасы өттү.

«Жараксыз болгон (суу агып кеткен) LR 80 лотоктору (12 даана) алмаштырылган. 30 чактуу ыктыярчы дыйкандар менен бирге 7 км аралыктагы каналдарды таштандылардан жана ылайлардан тазаладык. 800 метр жолду түздөп, көпүрө жана 6 даана шлюз оңдолду. Мындан ары да тиешелүү иштер уланат», - деди ал.

https://www.turmush.kg/news:591561/?from=turmush&place=translate

 

Read 15 times
Login to post comments

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…