Бишкекте ирригациянын келечеги талкууланды: суу секторундагы негизги инвестициялар жана реформалар
Среда, 03 Декабрь 2025 09:52

Бишкекте ирригациянын келечеги талкууланды: суу секторундагы негизги инвестициялар жана реформалар

   Бишкекте «Кыргызстандын ирригация секторуна инвестициялар» аттуу тегерек стол өтүп, анда эл аралык уюмдардын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн, эксперттик коомчулуктун, донорлордун жана инвесторлордун өкүлдөрү чогулду.

Иш-чаранын катышуучулары өлкөнүн суу ресурстарынын учурдагы абалын, ирригациянын өнүгүү келечегин жана суу секторуна комплекстүү инвестициялык стратегия түзүү маселелерин талкуулашты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу сектору туш болгон негизги чакырыктар, мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле орто жана узак мөөнөттүү келечекке карата инвестиция тартуу планы жана стратегиялык ыкмалар кеңири каралып талкууланды.
Кыргызстанда ири көлөмдөгү суу ресурстары бар, бирок ошого карабастан, пайдаланууга жеткиликтүү болгон кепилденген суу ресурстарынын көлөмү чектелүү бойдон калып, айыл чарбасынын, энергетиканын жана ичүүчү суу менен камсыздоонун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этүүдө.
Кыргызстандын бар болгон суу ресурстары төмөнкүлөрдөн турат:
– жылдык дарыя агымы болжол менен 50 млрд м³;
– 14 млрд м³ жер астындагы суу;
– 10 миңдей мөңгү;
– 45 миңден ашык дарыя, алардын жалпы узундугу 168 миң кмге жакын.
Эл аралык булактарга ылайык, Кыргызстандагы суу стресси көрсөткүчү 3,28ге жетип, «кризистин алдындагы» деңгээлге жакындап калды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев өз сөзүндө суу секторун модернизациялоонун негизин түзгөн реформалар тууралуу маалымат берди:
“Биз мыйзамдык базаны туруктуу түрдө өркүндөтүп келебиз. Улуттук деңгээлде төмөнкү документтер иштелип чыгып, кабыл алынды: 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы; 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы; Суу кодексинин жаңы редакциясы; Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы. Ошол эле учурда өлкө климат боюнча күн тартибин активдүү илгерилетүүдө.
Биздин оюбузча, бул реформалардын бардык багыттары – суу сактагычтарды куруу, ирригацияны модернизациялоо, санариптештирүү, бассейндік органдарды түзүү – Кыргызстандын суу коопсуздугун жогорулатууга багытталган бирдиктүү стратегияны түзөт.”
Талкууларда ирригация секторуна жана суу ресурстарын башкарууга инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Инвестициялар төмөнкү багыттарга багытталышы керектиги белгиленди: суу сактагычтарды куруу жана модернизациялоо, ирригациялык каналдарды реконструкциялоо, суу үнөмдөөчү сугаруу технологияларын киргизүү, суунун эсепке алуусун санариптештирүү, мониторинг жана божомолдоонун жаңы системаларын түзүү, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо инфраструктурасын өнүктүрүү, суу чарба адистерин даярдоо үчүн мектеп түзүү.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мамлекет менен эл аралык өнөктөштөр суу секторунун өнүгүү приоритеттери боюнча бирдиктүү позицияда экенин белгилешти. Биргелешкен аракеттер өлкөнүн экономикасынын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын суу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көмөкчү болот.

   

  

  

  

 

Read 73 times Last modified on Понедельник, 08 Декабрь 2025 11:23
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…