Ош облусунун Ноокат районунда ички ирригациялык каналдар жаңыланып жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында курулуп жаткан ички ирригациялык каналды жеринен көрдү.
2024-жылдын жазгы талаа иштерин өз убагында үзгүлтүксүз уюштуруу максатында Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 4 млн сом, Ноокат райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн сом жана жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
2 500 метр аралыктагы ички канал толугу менен жаңы лотокторго алмаштырылат.
https://www.turmush.kg/news:589483/?from=turmush&place=translate