Ош облусунун 112 айылында ичүүчү суу менен камсыздоонун жаңы системаларын долбоорлоо жана куруу иштери жүрүп жатат
Пятница, 29 Август 2025 10:17

Ош облусунун 112 айылында ичүүчү суу менен камсыздоонун жаңы системаларын долбоорлоо жана куруу иштери жүрүп жатат

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин маалыматына ылайык, Ош облусунун 112 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, 114 айылда тиешелүү иштерди келечекте жүргүзүү пландаштырылууда.

2025-жылга республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча Ош облусунун 86 айылында долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын ичинен 13 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат, ал эми 73 айылда долборлоо жана курулуш иштерин баштоого керектелүүчү атайын документтери даярдалууда.

Мындан тышкары, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылаган «Ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында облус боюнча 36 айыл ичүүчү суу менен камсыздалат. Учурда анын ичинен 23 айылда иштер толук аяктап, 13 айылда курулуш-монтаждоо иштери уланууда.

Ошондой эле, эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен облус боюнча дагы 114 айылда ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалууда. Тактап айтканда:
-82 айыл «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк» Программасынын I фазасынын алкагында (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги, ОПЕК фонду);
-32 айыл Европа стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун эсебинен.

  

   

Read 129 times Last modified on Пятница, 29 Август 2025 10:32
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…