Суу ресурстары кызматына жаңы атайын техника тапшырылды
Пятница, 29 Август 2025 10:08

Суу ресурстары кызматына жаңы атайын техника тапшырылды

 Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, суу чарба инфраструктурасын жакшыртуу жана техникалык базаны жаңылоо максатында 2025-жылдын 20-августунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн заманбап атайын техника тапшырылды. Техниканы берүү иш-чарасы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган «Ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн техникалык камсыздоону жакшыртуу» аттуу гранттык долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Нишигата Котаро жана Суу ресурстары кызматынын тийиштүү түзүмдөрүнүн жетекчилери.
Долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) 1 087 000 000 япон йени, башкача айтканда 643 302 758 сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат. Анын максаты — Суу ресурстары кызматынын балансындагы сугат жана дренаж каналдарын техникалык тейлөөгө арналган эски техниканы алмаштыруу жана жетишпеген техникаларды толуктоо.
Долбоордун алкагында JICA жалпы 34 даана атайын техника өткөрүп берет. Алардын ичинен бүгүн 17 даанасы тапшырылып, калган бөлүгү 2025-жылдын аягына чейин келет. Бардык техника облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлүп, ирригациялык инфраструктураны өз убагында жана натыйжалуу тейлөөгө шарт түзөт.
Министр Бакыт Торобаев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи:
«Техникалык паркты жаңылоо — өлкөнүн суу чарбасын өнүктүрүүдөгү стратегиялык кадам. Заманбап техника каналдарды сапаттуу жана ыкчам тейлөөгө, фермерлерди өз убагында суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Япония Өкмөтүнө жана JICAга ыраазычылык билдирем. Бул колдоо өлкөнүн айыл чарба тармагынын жана азык-түлүк коопсуздугунун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет».

    

   

     

   

  

Read 130 times Last modified on Пятница, 29 Август 2025 10:09
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…