Жалал-Абад облусунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда
Вторник, 19 Август 2025 03:37

Жалал-Абад облусунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып, бардык райондорду кыдырып, суу чарба объектилеринин ишмердүүлүгү жана курулуп жаткан жаңы долбоорлор менен таанышты.
Иш сапар алкагында алгач «Достук» насостук станциясы көрүлдү. Бул жерде орнотулган 6 агрегат жана 6 электр кыймылдаткыч аркылуу станция 1650 л/сек сууну камсыздай алат. Натыйжада 1000 гектар айдоо аянты сугат суу менен камсыз болууда.
Андан соң делегация Аксы районундагы «Желтыйбес» I көтөрүм насостук станциясына барды. 1979-жылы курулган бул объект 858 гектар жерди суу менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Станцияда үч насостук агрегат орнотулуп, алардын экөөсү үзгүлтүксүз иштесе, бири резервде турат.
Иш сапардын жүрүшүндө Сузак районундагы жаңы ири долбоор – көлөмү 17 млн м³ суу топтой турган сезондук бассейн (БСР) куруу планы талкууланды. Бул бассейн ишке берилсе, Көк-Арт өрөөнүндөгү 19 284 гектар айдоо аянтындагы дыйкандар сугат суу менен туруктуу камсыз болуп, түшүмдүүлүк жогорулайт жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошулат.
Ошондой эле жетекчилик Токтогул районундагы Куйбышев каналын көрдү. Узундугу 19,3 км болгон бул каналдын техникалык абалы начарлагандыктан, аны реконструкциялоо зарыл. Жаңылоо иштери жүргүзүлсө, сугат сууну пайдалануу натыйжалуулугу көтөрүлүп, жергиликтүү дыйкандар көбүрөөк түшүм алууга жетишет. Учурда керектүү документтер даярдалууда жана реконструкция 2025-жылы башталышы күтүлүүдө.
Мындан сырткары, иш сапар Базар-Коргон районундагы Сол-Жээк чарбалар аралык каналынын абалы менен таанышуу менен уланды. Бул канал аркылуу 9000 гектар жер сугат суу менен камсыздалып, негизинен көп жылдык чөп, буудай, жүгөрү, пахта жана шаалы өстүрүлөт. Бирок, каптама жана жантаймаларынын бузулушу себебинен өтүү жөндөмдүүлүгү 3 м³/секке чейин төмөндөп кеткен. Жылына орто эсеп менен 98 млн м³ суу берилгени менен, жай айларында Кара-Ункур дарыясындагы суунун азайышы айдоо аянттарын толук камсыздоого тоскоол болууда. Каналды жакшыртуу максатында 2025-жылдан баштап реконструкция иштери жүргүзүлмөкчү.
Иш сапардын жыйынтыгында белгиленгендей, Жалал-Абад облусундагы суу чарба системаларын жаңылоо дыйкандарды поливдүү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга, айыл чарба продукциясынын көлөмүн жана сапатын арттырууга шарт түзөт.

  

  

  

Read 115 times Last modified on Четверг, 21 Август 2025 03:44
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…