Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна болгон иш сапарынын алкагында Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Көк-Арт башкы суу алуучу жайындагы реабилитациялык иштердин жүрүшү менен таанышты.
Бул суу алуучу жай 11 айылдын калкын ичүүчү суу менен камсыздайт. Реабилитация иштери этап-этабы менен жүрүп жатат. Биринчи этапта тереңдиги 60 метр болгон скважина казылууда жана суу өткөргүчтүн айрым бөлүктөрү алмаштырылууда.
Иш толугу менен аяктагандан кийин жергиликтүү калк таза жана коопсуз ичүүчү таза суу менен камсыз болот.
Бакыт Торобаев белгилегендей, бул долбоордун ишке ашырылышы Багыш айыл өкмөтүнүн тургундарын сапаттуу суу менен камсыздоо деңгээлин бир топ жакшыртып, жашоо шартын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, министр Бакыт Төрөбаев Багыш жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн таза суу тармагындагы жумуш иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу максатында "Курманбек баатыр" таза суу муниципалдык ишканасынын балансына Министрлик тарабынан бир экскаватор тапшырды.
Жыйынтыгында жетекчилигине ишти өз убагында мөөнөтүнөн кечиктирбей чечүү жана ар тараптан көмөк көрсөтүп туруу боюнча тапшырмаларды берди.




