Кара-Суу районуна караштуу “Савай” айыл аймагындагы суу чыккан аймактарда жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү максатында курулган коллектордук-дренаждык система (КДС) 1986-жылы ишке киргизилген. Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев анын абалы, ишмердүүлүгү менен ордунан таанышты.
Мында 1993-жылдан 2010-жылга чейин суу каптаган жерлердин жалпы аянты 692 гектарды түзүп, ал “Савай” айыл аймагынын балансында турат. КДСтин узундугу 31,63 км болуп, анын ичинен 27,63 км ачык, ал эми 4 км жабык дренаж болуп эсептелет.
2010-жылы жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнө байланыштуу “Кыргызсуудолбоор” ачык акционердик коому тарабынан долбоордук-сметалык баасы 221 млн сом болгон жаңы долбоор иштелип чыккан. Бирок каржылык тартыштыкка байланыштуу 2011-жылы болгону 20 млн сом бөлүнүп, механикалык тазалоо жолу менен кошумча 3,6 км гана иш аткарылган.
Учурда Кызыл-Шарк айылында 280 үйдү, Стан участкасында 10 үйдү жер алдындагы суу каптаган. Мындан тышкары, көпчүлүк дренаждар камыш басып, суу өткөрүү жөндөмүн жоготкон.
Мындай шартта суу чыккан аймактарды калыбына келтирүү жана жогоруда аталган долбоордун негизинде жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди улантуу өзгөчө маанилүү.



