КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА 200 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ТАМЧЫЛАТЫП СУУГАРУУ СИСТЕМАСЫ ОРНОТУЛАТ
Вторник, 12 Август 2025 04:10

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА 200 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ТАМЧЫЛАТЫП СУУГАРУУ СИСТЕМАСЫ ОРНОТУЛАТ

 

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Молдо-Нияз айыл аймагындагы Алга айылында 200 гектар жерди бакка айлантуу максатында тамчылатып суугаруу системасын орнотуу иштери башталды.

Бүгүнкү күндө суугаруу системасына керектелүүчү түтүктөр жана башка жабдуулар кампага жеткирилди. Мындан сырткары, бул жер тилкесин үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн эки даана тике кудук (СВД) казуу иштери пландалган, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата биринчи тике кудук 140 метр тереңдикте казылып, обсадной түтүктөр орнотулду. Экинчи кудукту казуу иштери да башталып, тийиштүү жабдуулар тартылды.

Бул долбоор Кадамжай районунда суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзүп, айыл чарба жерлерин натыйжалуу өздөштүрүүгө жана продуктивдүүлүктү жогорулатууга чоң салым кошмокчу. Тамчылатып суугаруу системасы аркылуу суунун үнөмдүүлүгү камсыздалып, эгиндерге жеткиликтүү влага берүү шарттары жакшырмакчы.

  

  

  

Read 133 times
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…