БҮРГӨНДҮ МАССИВИН ӨЗДӨШТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА КОШУМЧА КАНАЛ КУРУУ ИШТЕРИ БАШТАЛАТ
Вторник, 12 Август 2025 03:40

БҮРГӨНДҮ МАССИВИН ӨЗДӨШТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА КОШУМЧА КАНАЛ КУРУУ ИШТЕРИ БАШТАЛАТ

 

Кыргызстандагы суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана айыл чарбасын өнүктүрүү багытында кезектеги ири долбоор ишке ашырылууда. Бул жолу өзгөчө көңүл Кадамжай районунун Ак-Турпак айылындагы Бүргөндү массивине бурулду, анын жалпы аянты 12 438 гектарды түзөт.

Учурда массивдин 7200 гектары өздөштүрүлүп, дыйкандарга берилген. Ал эми Бүргөндү каналынын 80+00 пикетинен алынган Дюкердин астындагы 3500 гектар жер толук өздөштүрүлүп, пайдаланылууда. Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын суу алуу сыйымдуулугу 18,8 м³/сек түзөт. Бирок, аймактагы жер кыртышынын шагылдуу жана таштак болушуна байланыштуу сугат сууну нормадан көп талап кылат.

Ошондуктан, калган жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында каналдын башынан 100+00 пикетке чейин анын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 35 м³/секке чейин жогорулатуу зарылчылыгы жаралууда.

Долбоор ишке ашса, кошумча параллелдүү каналдын курулушу аркылуу төмөнкү жыйынтыктарга жетишилет:

-Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 5250 гектар эгин талаалары сугат суу менен туруктуу камсыз болот;
-Жаңы ачылган Дюкер участогундагы 3500 гектар жерге да суу жетет;
-Молдо-Нияз айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Кыштак айылындагы 2100 гектар аянтта сугат суу жеткиликтүүлүгү жогорулайт;
-Мындан сырткары, кошумча 2000 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Бул долбоорду ишке ашыруу максатында учурда «Кыргызсуудолбоор» ишканасы тарабынан долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан 49 км узундуктагы жаңы канал куруу каралууда.

   

  

 

Read 121 times Last modified on Вторник, 12 Август 2025 04:10
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…