50 ЖЫЛДАН АШУУН УБАКЫТ МУРДА КУРУЛГАН «АК-ТУРПАК» НАСОСТУК СТАНЦИЯСЫ ЖАҢЫЛАНЫП ЖАТАТ
Понедельник, 11 Август 2025 08:04

50 ЖЫЛДАН АШУУН УБАКЫТ МУРДА КУРУЛГАН «АК-ТУРПАК» НАСОСТУК СТАНЦИЯСЫ ЖАҢЫЛАНЫП ЖАТАТ

 

Суу чарба тармагынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасын аткаруу максатында, Баткен районундагы Ак-Турпак насос станциясын модернизациялоо боюнча долбоор ишке ашырылууда.

50 жылдан ашуун убакыт мурда курулган станция мурда төрт айылга ичүүчү суу жеткирип турган. Бирок акыркы жылдары жабдуулардын эскирүүсүнө жана суу түтүктөрүн коргой турган системанын жоктугуна байланыштуу суу берүүлөр жума сайын болгону 2 күн менен чектелип калган.

Жалпы наркы 28,1 млн сом болгон модернизация долбоорунун алкагында төмөнкү негизги иш-чаралар пландалууда:

-КПД 80%га чейин жеткен Grundfos SP160-11 үлгүсүндөгү эки тереңдик насосун орнотуу;
-Жаңы насосторду учурдагы чоюн түтүк тармагына кошуу;
-Гидроударлардын алдын алуу үчүн вантус клапандарын орнотуу;
-Сыйымдуулугу 5000 м³ болгон суу топтоочу жай куруу;
-200 гектар айдоо аянтына тамчылатып сугаруу системасын даярдоо.

Күтүлүп жаткан жыйынтыктар:
Системанын кубаттуулугу 180 м³/сааттан → 320 м³/саатка чейин жогорулайт;
Ичүүчү суу берүү мүмкүнчүлүгү жумасына 4 күнгө чейин көбөйөт;
Электр энергиясын керектөө 63%га кыскаруу күтүлүүдө;
Жылына 1 миллион сомдон ашуун электр үнөмдөө;
Жабдуулардын кызмат өтөө мөөнөтү 10 жылдан ашык;
Системанын ишенимдүүлүгү жана автономдуулугу жогорулайт.


Келечекте бул долбоор кеңейтилет — коңшу аймактарда кошумча 1500 гектардан ашуун жерди туташтыруу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми жакынкы жылдарда Баткен районунда дагы 6га жакын ушундай эле долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

  

  

Read 124 times Last modified on Понедельник, 11 Август 2025 08:18
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…