Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында 500 гектар жерди тамчылатып сугаруу максатында Баткен шаарындагы магистралдык каналдан 13,4 км узундуктагы суу түтүгү тартылып, 10 000 куб метрлик суу сактагыч курулат. Долбоордун жалпы сметалык баасы — 177,5 млн сом. Иш 2026-жылдын ноябрь айында аяктайт.
Долбоор ишке ашканда:
- Дыйкандар сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздалып, түшүмдүүлүк жана киреше жогорулайт;
- Мөмөлүү бактарды өстүрүүгө шарт түзүлүп, кооперативдердин иши жандантылат;
- Аймакта туруктуу жумуш орундар түзүлүп, калктын жашоо деңгээли жогорулайт;
- Суу ресурстары үнөмдүү пайдаланылып, заманбап агротехнологиялар колдонууга алынат;
- Мамлекеттик жана аймактык экономикага кошумча киреше түшөт.
Кызыл-Бел айылында ишке ашып жаткан бул ири долбоор — айыл чарба тармагында жаңы деңгээлге көтөрүлүү багытындагы маанилүү кадам. Тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган 500 гектар жер айыл тургундары үчүн кирешенин туруктуу булагына айланып, региондун жана мамлекеттин жалпы экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошот.



