Суу чарба тармагындагы инфратүзүмдү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, Ош облусундагы “Араван Ак-Буура” каналын реконструкциялоо иштери башталууда.
"Араван Ак-Буура" каналы – аймактагы ири райондор аралык сугат каналдардын бири болуп саналат. 1968-жылы курулган каналдын узундугу 31 кмден ашат, ал эми суу өткөрүмдүүлүгү 25 м³/секти түзөт. Бул канал аркылуу Ош шаарынын Жапалак жана Төлөйкөн айыл аймактарынын, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын жана башка чарбалардын айыл чарба жерлери сугат суу менен камсыздалат. Жалпы сугат аянты 16 миң гектардан ашат.
Канал Ак-Буура дарыясынан башталып, аймактагы негизги айыл чарба өсүмдүктөрү – буудай, жүгөрү, пахта жана жашылча-жемиштерди сугарууда маанилүү роль ойнойт. Аймактын климаты жарым чөлдүү, жай мезгилинде абанын температурасы +40°С чейин жетет. Бул сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоонун стратегиялык маанисин көрсөтөт.
Азыркы учурда каналда ондогон жылдардан бери колдонулуп келген селедук, акведук жана башка гидротехникалык курулмалар эскирип, жаңылоого муктаж. Бул багытта Европа Өнүктүрүү жана Кайра куруу банкы (ЕӨККБ) тарабынан 17 миллион евро каражат бөлүнүп, 2025-жылдын сентябрь айында реконструкциялоо иштери башталат.
"Араван Ак-Буура" каналын реконструкциялоо сугат суу менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
