Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги жыйын өткөрдү
Вторник, 05 Август 2025 05:45

Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги жыйын өткөрдү

 

Суу ресурстары кызматында башкы жана райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларынын катышуусунда жыйын өттү.

Жыйындын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин суу чарба тутумун бекемдөө жана сугат сезонуна болгон даярдыкты күчөтүү боюнча тапшырмаларынын аткарылышын талкуулоо болду.

Жыйындын алкагында суу чарба башкармалыктарынын жетекчилеринин жарым жылдык отчеттору угулду. Өзгөчө көңүл сугат иштеринин жүрүшүнө, дыйкандардын сугат суу менен камсыздалышына, сууну берүү графиктеринин сакталышына, ирригациялык инфраструктуранын жаңыртылышына жана жаңы технологиялардын киргизилишине бурулду.

Жетекчилик тарабынан аныкталган маселелерди чечүү, тартипти жана жоопкерчиликти жогорулатуу, жергиликтүү бийлик органдары жана дыйкандар менен кызматташууну күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жергиликтүү деңгээлде айкын, ырааттуу жана жоопкерчиликтүү иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, туруктуу суу менен камсыздоо – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жана климаттын өзгөрүү шартында дыйкандарды колдоонун негизги фактору экенин белгиленди.

  

 

Read 139 times Last modified on Вторник, 05 Август 2025 05:50
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…