Чүй облусунун бардык аймактарында ирригациялык объектилер алдыдагы сугат мезгилине даярдалууда. Оңдоо-калыбына келтирүү иштери бир катар райондордо жүрүп жатат. Быйыл облуста 9 суу топтоо, жөнгө салуу жайлары оңдоп-түзөөдөн өтүп, толук кандуу ишке кирет. Мындан сырткары арык-каналдар тазаланып, бир катары бетондолуп, жаңы салынат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram