Талас облусунда 2 жаңы суу сактагыч куруу пландалууда
Вторник, 05 Август 2025 05:40

Талас облусунда 2 жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов, Бакай-Ата, Талас, Манас райондорундагы жаңы курулуп жаткан ирригациялык обьекттердин курулушу, дыйкандарга сугат суунун берилиши, вегетациянын журүшү менен жеринен танышып чыкты.
Алгач, реабилитациялоого муктаж болгон Чоң Талас каналын көрүштү. Аталган канал Бакай-Ата жана Айтматов райондорунун 20 миң гектардан ашык айдоо аянттарын суу менен камсыздайт. Узундугу 74,4 кмди түзүп, анын 10,9 км гана бетондолгон. Каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 12 м³/сек.
Бул каналдын негизги бөлүгү жер-арык абалында болгондуктан, суу бөлүштүрүүдө кыйынчылыктар жаралууда, андыктан Чоң Талас каналынын реабилитациясына муктаждык жогору. Учурда Талас башкы суу чарба башкармалыгы жана Айтматов райондук башкармалыгы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.
Мындан сырткары, Талас районундагы Кең-Көл өзөнүнүн башына сугат сууну топтоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында көлөмү 6 миллион м³ болгон суу сактагычтын (БДР) курулуш иштери пландалууда.
Бул БДР курулса, натыйжада 4277 гектар жердин сугат суу менен камсыздоосу жакшырат. Талас дарыясынан Чоң каналга суу берүү да жакшыртылат.
Ошондой эле, Бакай-Ата районундагы Урмарал дарыясынын башына көлөмү 50 миллион м³ болгон дагы бир суу сактагыч (БДР) куруу пландалууда. Бул БДР район аймагындагы 13 294 гектар сугат жерди суу менен туруктуу камсыздоого багытталган.
Бүгүнкү күндө жаз-жай айларында суунун азайышынан улам дыйкан чарбаларында суу тартыштыгы жаралууда. БДР курулса: 1 200 гектарга чейин кошумча сугат жер өздөштүрүлөт, айыл чарба өсүмдүктөрүнө ным топтоо мезгилинде суу тартыштыгы жоюлат.
Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жана курулуп жаткан обьекттерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

 

Read 145 times Last modified on Вторник, 05 Август 2025 05:41
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…