Талас облусунун Айтматов районунда жайгашкан 80 гектар жер (Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Башат айылы) жана 20 гектар жер (Шекер айыл өкмөтүнүн Кайнар айылы) боюнча ирригациялык иштерди жакшыртуу максатында тиешелүү техникалык иштер жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан 33 миллион 449,6 миң сом каражат бөлүнүп, бүгүнкү күндө Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Башат айылында жайгашкан 60 гектар аянтка толук электр линиялары тартылып, трансформаторлор жана насостор орнотулду.
Ошондой эле жамгырлатып суугаруучу тетиктер орнотулуп, система ишке киргизилди. Дыйкандар фасоль эгип, суугаруу иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Бул иш-чара айыл чарбасында суу үнөмдөөчү технологияларды жайылтуунун алкагында ишке ашып, дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга чоң өбөлгө болууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарга кайрылып, сугат сууну үнөмдөөнү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздаган технологияларга өтүүнү сунуштаган.


