Дыйкандар түнкү сугатта эгин-талааларын суугарууда
Понедельник, 21 Июль 2025 04:00

Дыйкандар түнкү сугатта эгин-талааларын суугарууда

 

Ысык-Ата районунун дыйканы Айдин Асанбеков түнкүсүн өзүнүн эгин талааларын сугарууга чыкты. Анын айтымында, сугат суу керек болгон көлөмдө жана өз убагында берилүүдө, бул болсо өсүмдүктөрдүн өсүү мезгилинде абдан маанилүү.
«Быйыл суу туруктуу берилүүдө, ошондуктан сугаруу графигин так сактоого мүмкүнчүлүк болуп жатат. Түнкү сугаруунун жардамы менен суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланып, күндүзгү ысыкта бууланып кетүүдөн сактайбыз. Биз кошуналар менен суу тартибин сүйлөшүп алганбыз, ар ким өз убагында сугара турганын билет. Бул жерде райондук суу чарба кызматкерлеринин эмгеги чоң. Мындан сырткары быйыл каналдарда лотоктор жаңыланганы үчүн сугат сууну керектүү деңгээлде алып жатабыз», — дейт фермер.
Айдин Асанбеков мындан тышкары, быйыл суу жетиштүү болгондуктан, түшүм мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы болот деген үмүтүн билдирди. Ал ирригациялык системанын оңдолуп, ишенимдүү иштеп жатканына ыраазычылык билдирип, аны мындан ары дагы колдоп, жаңылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Бүгүнкү күндө райондогу дыйкандардын көпчүлүгү түнкүсүн суугарууга өтүүдө — бул ыкма суу ресурстарын сактоого гана эмес, климаттык өзгөрүүлөр шартында айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга да өбөлгө болууда.

 

 

 

Read 145 times Last modified on Вторник, 22 Июль 2025 04:30
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…