Кадамжай районунда "Ууру-Сай" жаңы ирригациялык каналынын курулушу башталды
Вторник, 15 Июль 2025 04:08

Кадамжай районунда "Ууру-Сай" жаңы ирригациялык каналынын курулушу башталды

 

Кадамжай районунда дыйкандар үчүн абдан маанилүү болгон "Ууру-Сай" жаңы каналынын курулушу башталды. Бул ирригациялык долбоор Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.
Учурда 2500 метр аралык казылып, түтүктөр орнотулууда.
Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин жаңы курулган канал Гороту каналына кошулуп, анын сугат мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Натыйжада, Бирлик айыл аймагынын Сур, Моло, Чечме, Ормош, Тескей жана Бел айылдарындагы жалпысынан 800 гектар аянт сугат суу менен туруктуу камсыздалат.
Мындан сырткары, Кадамжай районунда айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган дагы бир маанилүү долбоор ишке ашырылууда. Райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 200 гектар жерди өздөштүрүп, ал жерге бак отургузуп, заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу иштери башталды.
Бүгүнкү күндө биринчи кудук 140 метр тереңдикке чейин казылып бүтүп, түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.
Бул иш-чаралар сугат суунун жетишсиздигинен жапа чегип келген фермерлерди.
таза суу менен камсыз кылууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт. Муну менен бирге, аймактагы бакча чарбасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

 

  

Read 199 times Last modified on Вторник, 15 Июль 2025 04:52
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…